Караколдо Абсамат Масалиевдин 80 жылдыгын белгилешти

13- апрелде Каракол шаарында коомдук жана саясий ишмер Абсамат Масалиевдин 80 жылдыгын белгилешти. Иш-чаранын жүрүшүндө Масалиев атындагы көчөгө 80 көчөт отургузулду. Саамалыкка вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча толук ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Асанакунов жана Абсамат Масалиевдин уулу Искак Масалиев катышты.

80 жылдыкка карата Кара-Кол шаарындагы К.Жантөшөв атындагы драм театрда концерт тартууланып, Масалиевдин жашоосу жана ишмердүүлүгү тууралуу фото көргөзмө уюштурулду.

Белгилей кетсек, Абсамат Масалиев Кыргыз ССРинин Коммунисттер партиясынын биринчи катчысы болуп иштөөдөн мурун, 6 жыл бою Ысык-Көл облусунда партиялык уюмду башкарып турган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД