Унаа жана суу транспорту мамагенттиктин башчысы кызматтан бошотулду

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин жарлыгы менен Эмилбек Таштаналиев транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы унаа жана суу транспорту мамлекеттик агенттигинин башчылыгынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык-саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Премьер-министрдин башка жарлыгы менен Айдар Мокенов транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргызпочтасы" мамлекеттик мекемесинин башкы директорлук кызматынан Эмгек кодексинин 326-беренесинин 2-пунктуна ылайык бошотулду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД