Маморгандар коррупция менен күрөшүү боюнча координациялык кеңешме өткөрөт

Эртең, 16-апрелде, Бишкекте укук коргоо жана мамлекеттик органдардын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңешмеси башталат. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басмасөз борбору маалымдайт.

Анда көрсөтүлгөндөй, жыйындын жүрүшүндө координациялык кеңешменин персоналдык курамын аныктоо, иштин регламенти менен графигин бекитүү, ошондой эле координациялык жыйындын ведомстволор аралык жумушчу жана эксперттик тобун түзүү каралмакчы.

Жыйында координациялык отурумдун төрайымы, башкы прокурор Аида Салянова баяндама жасамакчы.

Мындан тышкары коопсуздук, тартип жана чегара маселелери боюнча вице-премьер-министр Шамил Атахановдун, экономика министри Темир Сариевдин, ошондой эле координациялык кеңешменин мүчөлөрү менен чакырылган тараптардын сөз сүйлөшү күтүлүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД