Терентьевдин үйүн кайра калыбына келтиришет

Кыргызстандын тарыхый жана архитектуралык эстелиги болуп саналган шаардын биринчи староста-аксакалы Илья Терентьевдин үйүн кайра калыбына келтирүү боюнча жыйынды Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Усубакунова өткөрдү.

Белгиленгендей, "И.Терентьевдин үйүн тарыхый жана архитектуралык эстелик катары имаратты регенарициялоо боюнча долбоорду иштеп чыгуу" нормативдик документти даярдоо чечими кабыл алынган.

Жыйында маданият министрликтин алдындагы Улуттук маданий борбордун архитекторлору, илимий-изилдөө институттарынын адистери катышышты.

Терентьевдин үйү Маданият министрлигине караштуу экени белгиленет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД