Эрнест Абдыжапаров окуучуларынын ийгиликтери тууралуу айтып берди

Бүгүн, 15-апрелде, кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров журналисттерге Кыргызстандагы киноиндустриянын жанданышы тууралуу айтып берди.

"Акыркы айларда эле республикабызда ондон ашык тасма жарык көрдү, эл да кыргы режиссерлорунун иштерине чыныгы кызыгуу артып жатышат. Биз ийгиликтүү делген онго жакын кино атай алдык", - деп режиссер бөлүштү.

Бул жакшы жышаанда Эрнест Абдыжапаров өз эмгегин да көрөт. Анткени көпчүлүк жаш режиссер жана актерлор анын окуучулары.

Эске салсак, режиссер киноискусство боюнча мастер класстарды өткөрөт. Учурда мастер класстардын алтынчы сериясы даярдалып жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД