Бишкектеги жеңил атлетика турнирине Россиянын чемпиондору келишет

20-апрелде Бишкекте Москва олимпиадасынын байгечиси Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган турнир өткөрүлөт. Бул тууралуу КРдин Жеңил атлетика боюнча федерациясы маалымдады.

Алардын берген маалыматына ылайык, мемориалга Олимп чемпиону Мария Савинова, Европа чемпиондору, биртуугандар Евгений жана Анатолий Рыбаковдор, Өзбекстандын атактуу күлүгү Андрей Петров жана Казакстандан бир нече жогорку деңгээлдеги спорт адистери катышышат.

Жеңил атлетика боюнча дүйнөлүк жылдыздар чакырууга дароо макулдугун беришти. Алардын көпчүлүгү Сатымкул Жуманазаровдун спорттогу каармандыгы тууралуу угушкан жана анын элесине сый урмат көрсөтүп, Бишкектеги турнирге катышууга макулдугун билдиришти деп федерацияда айтышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД