Каарманбек Кулуев: Кыргызча гезиттер ушак жазат дегенге кошулбайм

"Ынтымак" телерадиокомпаниясы былтыркы жылдын апрель айында атайын өкмөттүн токтому менен түзүлгөн. Аты эле айтып тургандай аталган ММКнын башкы максаты түштүк жергесиндеги улуттар арсындагы ынтымакка данакер болууну көздөйт. Бир жашка аяк басып калган "Ынтымактын" башкы директору Каарманбек Кулуевге бир нече суроо менен кайрылдык.

- "Ынтымак" өзүнүн миссиясын аткарып жатабы? Тагыраагы түштүктөгү улуттар арасындагы биримдикти сактоого канчалык деңгээлде салым кошуп жатасыздар?

- "Ынтымак" коомдук-аймактык телерадиокомпаниясы 2011-жылдын апрель айында өкмөттүн токтомунун негизинде түзүлгөн. 2012-жылдын апрелинен бери иштеп келатабыз. Башында радиожурнал катары эле маалыматтарды даярдасак, азыр 24 сааттык эфирди толтуруп жатабыз. Чакан телеканалыбыз да бар. Теле берүүлөрдү былтыр декабрда даярдап баштаганбыз. Өзүбүз даярдаган программалар күнүнө 4-5 саат эфирден кетет. Калгандары КТРК сыяктуу өнөктөштөрүбүздүн продукциясы менен толот. Биздин берүүлөр кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде. Башкы максат түштүк жергесинин тургундарына керектүү маалыматтарды жеткиликтүү тилде таратуу болуп саналат. Эми "Ынтымак" радиосу ишке кирип эле ынтымак орноп калды деп айтканга болбойт. Анткени бир канча реалдуу факторлор бар. Бирок кандайдыр бир деңгээлде кыргыз-өзбек же башка улуттардын ортосундагы достукту чыңдоого аракет кылып жатабыз. Кыргызстанда болуп жаткан окуяларды ар бир адамдын эне тилинде жеткирүү аз да болсо конфликттердин алдын алат. Анткени болуп өткөн окуялар көшөгө артында талкууланбай элге да түз жетип туруш керек да.

- Кыргызстандын түштүгүн толугу менен камтуу кыйынга турса керек. Деги эле техникалык мүмкүнчүлүктөрүңөр кандай? Коңшу өлкөлөрдүн ММКларынан кысынып калбайбызбы?

- Эми техникалык жактан түштүктү толук камтуу чынында эле оор. Ошко жакын, бирок тоолуу райондорго сигнал таратуу өзүнчө эле машакат. Эгер каржы маселеси чечилип калса толук жеткиргенге аракет кылабыз. Азыркы учурда сигналдарыбыз Ош, Жалал-Абад дубандарынын жарымына гана жетип жатат. Кудай буюрса Баткенди да толук камтыйлы деген пландар бар. Толкундар чек араны тааныбайт экен да. Биздин эң негизги максат ошол коңшу телеканалдарга альтернатива түзүү. Ошол эле өзбектер Кыргызстандагы окуялар тууралуу өзү түшүнгөн тилде кабар алышы шарт. Ким кандай каналды көрөрүн өзү тандап алат бирок Өзбекстан, Тажикстан сыяктуу коңшулардын телеканалдарын чектеп кое албайбыз. Алар менен техникалык жактан тең тайлашуу азырыча мүмкүн да эмес. Ошентсе да телеберүүбүз санарипке өттү. Жакында радиобузду интернеттен да укса болот. Ошондой эле телеберүүлөрдү да интернетке чыгаралы деп жатабыз. Техникалык маселелер чечилсе эле ишке ашырса болот. Ошондо бизди бир гана түшүтүк жергеси эмес, бүткүл дүйнө жүзү көрүп, уга алышат.

- Кадр саясаты кандай жүрөт? Улуттар арасындагы баланс сакталабы?

- Мыйзам боюнча биздин продукциялардын жарымы кыргыз тилинде болуш керек. Биз журналисттерди улутуна карап бөлбөйбүз. Жумушка алып жатканда тигил же бул улуттан болуш керек деп катаал талап койбойбуз. Эң башкысы кыргыз, өзбек, орус тилдерин билсе болду. Айрым кыргыз тилиндеги программаларды өзбек улутундагылар деле алып барышат. Бирок ар бир адамдын эне тилинде алып барганы ыңгайлуу болсо керек.

- Журналист катары Оштогу азыркы саясый абалды кандай баалайсыз?

- Эми таза суу, каражаттын жетишсиздиги сыяктуу күнүмдүк маселелер толуп жатат. Бирок мунун баарын эле саясатташтыра бербеш керек. Турмуштук көйгөйлөр адамдын улутуна, динине, жынысына карабайт да. 2 жыл мурдагыга караганда абал туруктуу. Мурдагыдай кооптуу эч нерсе жок. Эми бизде күтүлбөстөн эле көптөгөн окуялар болуп кетет да. Андыктан андай же мындай деп айтуу кыйын.

- "Ынтымактын" эң негизги көйгөйү эмнеде? Кайсы жагынан аксап жатасыздар?

- Чын-чынына келгенде биздин көйгөй ММКлардын коммерциялык багыты. Кандай гана ММК болбосун каржылык жактан көз карандысыз болуш керек. Күнкорсуз болуш үчүн ММК рекламанын эсебинен жан багыш керек. Тилекке каршы биздеги телеканалдар жалаң гана жарнама менен жашап кете албайт. Андыктан кандайдыр бир уюмдарга, жеке адамдарга каржылык жактан көз каранды болуп алардын саясатын чагылдырып калышы мүмкүн. Эми бардык эле телеканалдардын көмүскөдөгү ээси ким экени белгилүү да. Бизде деле азыр эл аралык уюмдардын эсебинен иштеп жатабыз. Бирок келечекте ким каржылайт деген суроо ачык бойдон калууда. Балким өкмөт каржылайт же рекламанын эсебинен жашайбыз. Дагы бир маселе бар. Кинолорду расмий түрдө сатып алуу кыйын болуп жатат. Эл сериал койгула деп талап коет. Кыргызча жетиштүү кино жок. Чет өлкөлүк кинолорду сатып алуу мүмкүн эмес. Анан алар биз сыяктуу чакан компаниялар менен сүйлөшпөйт дагы.

- Эми сиз журналистиканын эл аралык стандарттарын тутунган медиа бирикмелерде иштеп калдыңыз. Оппозиция – позиция, кыргыз тилдүү- орус тилдүү болуп бөлүнүп жаткан кесиптештериңизге кандай карайсыз?

- Журналистиканын эл аралык стандарты деген түшүнүк бар. Журналистиканын деңгээли элдин талап кылышы, элдин ишеними менен өлчөнөт. Бирөө эл аралык стандарт менен жазабыз десе, экинчиси улуттук өзгөчөлүктү кошобуз деп мактанат. Жалпылап айтканда кыргыз журналистикасы КМШ боюнча алдыда деп айтсак болот. Биздин гезиттерде жазылган маалыматтар кээ бир өлкөлөрдө чыгышы да мүмкүн эмес. Бир эле маалыматтын 4-5 варианты бар. Окурман ар бирин окуп жыйынтык чыгарып алса болот. Кыргызча гезиттер ушак жазат дегенге кошулбайм. Анткени ар бир ММКнын өз артыкчылыктары бар. Эл талап кылып жатса болду да, демек керектүү маалымат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД