Бүгүн "Азия MIX" командасы чейрек финалда ойнойт

Бүгүн, 15-апрелде, Кыргызстандан "Азия MIX" командасы Москвада өтө турган КВНдин жогорку лигасындагы чейрек финалдын биринчи оюнуна катышат. Эске салсак, биздин топ, бул лигага 2012-жылдагы жана 2013-жылдагы Сочи шаарындагы ийгиликтүү оюндарынан кийин кирген. Ал эми ушу жылдын 28-февралында "Азия MIX" тобу чейрек финалга жолдомо алган.

Чейрек финал оюндары россиянын калаасында 15нен 20-апрелге чейин өтөт. "Азии MIX" командасынын атаандаштары "Город Пятигорскъ" (Пятигорск), "Союз" (Тюмен облусу), "Факультет журналистики" (Санкт-Петербург) жана "КемБридж" (Кемерово) болушат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД