Социалдык өнүктүрүү министрин жумуштан алууну сунушташты

"Соцөнүктүрүү министрлигинин жетекчиси Кылычбек Султановду кызматынан бошотуу керек",- деген пикирин бүгүн, 15-апрелде, "Ар-Намыс" фракциясынын лидери Феликс Кулов билдирди.

Соцөнүктүрүү министрлиги Султановдун билдирүүсүн таркаткан. Анда өткөн жума күнү өкмөттүн отурумунда вице-премьер-министр Камила Талиева өзүнө караштуу социалдык блоктогу бардык министрликтерди жана ведомстволорду негизсиз сынга алган, -деп жазылган.

"Ар-Намыстын" лидери Куловдун айтымында Султанов өз жетекчилигин сынга алууга укугу жок. "Эгер бардык ведомство менен министрликтер вице-премьер-министрлерди сындап баштаса, анда башаламандык орнолот, - деди Кулов. – Премьер-министрдин ордунда болсом, мен Султановду кызматынан алмакмын", - деп кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД