Орусия Кыргызстанга 15 миң тонна буудай берет

Кечээ, 15- апрелде, Орусиядагы Кыргызстандын элчилигинде Кыргыз Республикасы үчүн Орусия Федерациясы тарабынан 2012-жылы бөлүнгөн 15 миң тонна буудайды кабыл алуу жана берүү актысына кол коюлду. Бул тууралуу дипломатиялык өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка караганда, Орусия тараптан актыга "Бириккен дан эгиндери компаниясы" ААКнын башкы директорунун орун басары Тимур Бутов кол койгон.

"Жалпысынан Кыргызстанга гуманитардык жардам катары бөлүнгөн буудайдын көлөмү 20 миң тоннага жетти. 2012-жылдын декабрь айында 5 миң тонна буудай жеткирилген болчу", - деп жазылат катта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД