Коррупцияга каршы кызматтын коомдук кабылдамасына жүздөн ашуун жаран кайрылган

Ушул жылдын 8-апрелинен 13-апрелге чейин УКМКнын коррупцияга каршы кызматынын коомдук кабылдамасына 106 жаран кайрылган. Бул тууралуу УКМКнын коом менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, алардын ичинен 29 кайрылуу - мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарында эмгектенген кызмат адамдарынын укук ченемсиз аракеттерине байланыштуу. 23 кайрылуу - укук коргоо органдарына, 8 кайрылуу - билим берүү жана саламаттыкты сактоо министрликтерине, 5 кайрылуу - сот системасы жана каттоо органдарына, калган 30 кайрылуу - башка маселелерге тиешелүү.

УКМКнын коррупцияга каршы кызматы министрликтерге жана ведомстволорго карап чыгып чара көрүш үчүн 34 арызды жиберди. Калган материалдар аталган кызматтын кароосуна калды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД