Бүгүн Бишкекте жана Кара-Балтада электр жарыгы өчүрүлөт

Бүгүн, 16- апрелде, саат 9дан 17ге чейин "Түндүкэлектр" ААК борбор калаада электр тогун берүүчү аба линияларынын тегерегинде өсүп кеткен бак дарактардын бутактарын кыркып, ички түйүндөрдү оңдоп түзөшөт. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Мындан улам, Бишкек шаарындагы Үсөнбаев, Табачная көчөлөрүнүн аймагында, Тоголок Молдо көчөсүндөгү Кудруктан Ташкент көчөсүнө чейин электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт.

Ошондой эле, Жайыл районунда көмөк чордондор жайгашкан жол жээгин тазалоо иштерине байланыштуу, Кара-Балта шаарынын бир бөлүгүндө жана Алексеевка айылында электр жарыгы болбойт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД