Ошто эки күн бою ичүүчү суу токтойт

Ошто 23-апрелдин түнүнөн 25-апрелге чейин суу өткөрүүчү системасына тазалоо иштери жүргүзүлгөндүктөн ичүүчү таза суу берүү токтойт. Бул тууралуу "Ош шаардык сууканалы" муниципалдык ишканасы билдирди.

Аталган ишкананын башкы инженери Ормош Осмоновдун айтымында, мындай тазалоо иштери жыл сайын жаз айында жүргүзүлүп келет. Анын негизги максаты "калкты ар кандай оорудан сактоо үчүн алдын алуу" болуп саналат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД