Жеке булак: Ала-Бука районунун мурунку акимине кылмыш иши козголду

13-апрелде кызматтан бошотулган Ала-Бука районунун мурунку акимине кылмыш иши козголду. Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн комплекстүү текшерүүнүн жыйынтыгында, райондун экс-башчысына 206,4 миң сомду менчиктештирип алган деген айып тагылууда. Бул тууралуу "ВБ"га жеке булак билдирди.

Маалыматка караганда, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Атантай Рыскулов, башкы бухгалтер А. Бийгелдиев жана башка кызматкерлер 2012-жылы жана 2013-жылдын 1-кварталында максатсыз 146 миң сомду колдонушкан. Аталган каражат кызматкерлердин айлыгын төлөп берүү үчүн мамлекеттик бюджеттен келип түшкөн.

Ошондой эле, жеке булактын билдиргенине караганда, аталган топ жалпы суммасы 59,6 миң сомду түзгөн расмий каржы-бухгалтердик документтерди жасашкан. Анда күйүүчү-майлоочу материалдарды алуу жана кызматтык унаанын айдоочусуна маяна төлөп берүү тууралуу жалган маалыматтар камтылган. Эске салсак, унаа жараксыз абалда турат.

Жыйынтыгында, мамлекетке келтирилген чыгым 206,4 миң сомго жетти.Учурда Рыскуловго карата Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД