Каракол шаардык кеңеши депутаттын баласы үчүн мамбюджеттен 100 000 сом бөлдү

Каракол шаардык кеңешинин депутаттары аталган кеңештин депутаты Марат Раматовдун уулуна республикалык бюджеттен 100 000 сом бөлүп берүү тууралуу токтом кабыл алышты. Бул тууралуу кечээ, 15-апрелде, "ВБ"га "Ар-Намыс" парламенттик фракциясынын депутаты Дастан Бекешев билдирди. Анын айтымында, Каракол шаарынын коомчулугу аталган токтомду сот аркылуу жараксыз деп таанылышын талап кылышууда.

"Аталган токтомго ылайык, Каракол шаардык кеңешинин резервдик фондунан, ошондой эле шаардык мэриянын бюджетинен депутат Раматовдун уулу эл аралык мелдешке катышуусу үчүн 50 миң сомдон бөлүнөт", - деди Бекешев. "Караколдун коомчулугу менен жолугушуу учурунда, мага Раматовду шаардын эң бай адамдарынан бири деп айтышты. Бирок, ошого карабастан депутат баласынын мелдешке катышуусу үчүн республикалык бюджеттен каражат сураптыр", - деди ал. Анын пикиринде, аталган каражат начар жашаган жарандарга колдоо көрсөтүү үчүн бөлүнүшү керек.

Эске салсак, 17 жаштагы Акжолтой Раматов Азияда пауэрлифтинг боюнча чемпион. Ал Литвада боло турган (22-26-майда, 2013-жылы) дүйнөлүк чемпионатка даярданууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД