Депутаттык комиссия: Батукаевдин чыгып кетишине Атахановдун уулунун тиешеси бар

Атахановдун уулунун компаниясы криминалдык авторитеттин Россияна учуп чыгышын камсыздаган.

Азиз Батукаевдин бошоп кетишин иликтеген депутаттык комиссия вице-премьер-министр Шамиль Атахановдун уулу Даниярдын буга тиешеси бар экенин аныктаган. Бул тууралуу 15-апрелде "Ата Мекен" партиясынан депутат Жоомарт Сапарбаев билдирди.

Анын айтымында, Данияр Атахановдун казакстандык бизнесмен Александр Машкевичтин компаниясынын кичик бөлүмү болуп саналган"Анилия" атту фирма Батукавдин чыгып кетишин камсыздаган.

"Батукаевдердин документтери 8-апрелде даярдалган, анын өзүн 9да бошотушту. Демек, Батукаевдин учушу алдын ала белгилүү болгон", - дейт Сапарбаев.

Учурда комиссия Атахановду убактылуу кызматынан четтетүүнү талап кылып жатат. "Биз башка чиновниктерди да четтетүүсүн карап жатабыз. Болгондо да муну тез арада жасоо зарыл. Себеби, аркасынын изин жашырганга аракет кылуулар байкалып жатат", - деп Сапарбаев сөзүн жыйынтыктады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД