"Азия MIX" командасы жарым финалга өткөн жок

Кечээ, 15-апрелде, КВН Жогорку Лигасынын алгачкы оюну болду. Анда "ГородЪ ПятигорскЪ" (Пятигорск), "Союз" (Тюмень облусу), "Факультет журналистики" (Санкт-Петербург), "КемБридж" (Кемерово) командалары катышышты.

Оюнду теле алып баруучу Леонид Якубович, кавээнчи Михаил Галустян, теле алып баруучу жана актриса Лариса Гузеева, музыкант Андрей Макаревич, Биринчи каналдын генералдык директору Константин Эрнст жана туруктуу жюри Юлий Гусмандан турган калыстар тобу баалашты.

Беш топтун ичинен жарым финалга "КемБридж" жана "ГородЪ ПятигорскЪ" гана өтүп, биздин "Азия MIX" командасы төртүнчү гана болуп калды.

Ошого карабастан "Азия MIX" командасы өзүн татыктуу көрсөтө алды. Эскерте кетсек, акыркы музыкалык номурун оюндун редакторлору жактырбай алмаштыруусун талап кылгандан кийин, кыска мөөнөттө, кайрадан даярданып, жаңысын жазышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД