Ысык-Көл облусунда жер титирөө катталды

Ысык-Көл облусунда 4.3 магнитудасы менен жер титирөө катталды. Бул тууралуу КР ӨКМдин пресс-кызматы кабарлайт.

Министрликтин берген маалыматына ылайык, жер титирөө 1 км тереңдикте болду. Анын эпицентри Каракол шаарынан 75 чакырым түштүк-батышта жана Кызыл-Суудан 40 чакырым аралыкта болуп өттү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД