Астана шаарындагы курулушта каза болгон маркумдарды мекенине жеткиришти

10-апрелде Астана шаарындагы "Европа Палас" курулуш объектисинде, кокустуктун айынан эки кыргызстандык каза тапты.

ТИМдин маалымат, басма сөз жана маданият башкармалыгынын берген маалыматына ылайык 1990-жылы туулган Урмат Асангазиев жана 1985-жылы туулган Эрмек Донбаев атуу Кыргызстандын жарандары каза болушту. Алар Түп районунун Маек айылынын тургундары. Андан тышкары, 1982-жылкы Мелис Аманов деген кыргызстандык жаран жеңил жарат алып, бейтапканага жатып чыккан.

13-апрелде Kazbuilding Engeneering компаниясы жана Астанадагы КРдин элчилигинин катышуусу менен маркумдар мекенине жөнөтүлдү.

11-апрелде бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, Астананын ички иштер департаменти иликтөө жүргүзүп жатат. Эки жарандын өлүмүнүн себептери аныкталууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД