Бишкекте акыркы панфиловчу көз жумду

Кыргызстанда жашаган панфиловчулордун акыркысы Тунгучбай Апасов 93 жаш курагында көз жумду.

Акыркы мезгилдерде оорусу катуулап калган панфиловчу төшөктөн турбай калган. Бирок, ар дайым радио угуп, кечкисин балдары менен өлкө ичиндеги абалды талкуулап, сүйлөшүшчү. Ал Ата-Мекендик согушту Улуу Жеңиш күнүн 70 жылдыгына чейин жашайм деп кыялданчу.

Бул киши Ата Мекендик согушту баштан аяк өтөп, атактуу 316-Панфилов дивизиясынын курамында болгон. Волоколам шоссесиндеги беттешүүдөн кийин Апасовду взвод командиринин жардамчысы кылып дайындашат. Жаш Тунгучбай СССРдин борбор калаасын коргогонго катышат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД