Ысык-Көл районунда 20 гектар камыш өрттөндү

Ысык-Көл облусунда 20 гектар камыш өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМдин кызматкерлери маалымдашты.

Өрт тууралуу кабар кечээ, 15-апрелде, саат 16:00дө келип түштү. Ананьево айылына өрт өчүрүүчүлөр чыгышкан, аларга жардамга жергиликтүү эл да кошулган. Отту бир нече сааттан кийин гана караңгы кирип калганда өчүрүүгө үлгүрүштү. Өрт чыгышынын негизги себеби, адам фактору болушу мүмүкүн деген божомолдоолор айтылууда.

Өтүп кеткен бир сутка ичинде Кыргызстанда 15 өрт чыгуу катталган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД