Октябр районунда мектеп рэкетирлерин кармашты

Октябр районунда коркутуп акча доолаган 7-класстын эки окуучусу кармалган. Бул тууралуу ШИИБнин пресc-кызматы билдирди.

Белгиленгендей, милицияга 5-класстын окуучусунун ата-энеси кайрылышкан. Ата-эненин айтымында, алардын уулу мектеп рэкетинин курмандыгы болуп калды. Жогорку класстын окуучулары андан акча доолап келишкен.

Октябр РИИБсинин өспүрүмдөр иши боюнча инспекторлору 14 жашар жетинчи класстын эки окуучусун акча алып жаткан маалда кармашкан.

Ушундай эле арыздар менен укук коргоо органдарына дагы үч ата-эне кайрылганы белигилүү болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД