"Абдыш-Ата" Кыргызстандын чемпионунан достук матчын утуп алды

"Абдыш-Ата" футболдук клубу Кыргызстандын учурдагы чемпиону "Дордойдон" достук матчын утуп алды.

КРдин футбол федерациясынын берген маалыматына ылайык, бул матчта абдышаталыктар жооп кайтарылбаган эки топту чемпиондордун дарбазасына киргизе тебишти. Алгачкы голду Алмазбек Мирзалиев киргизсе, экинчисинин автору Ильдар Амиров болду.

Эске салсак, мурунку достук матчында "Дордой" "Абдыш-Атаны" 3:0 эсеби менен жеңип чыккан. Аталган клубдар, Топ-лига (Жогорку лига) командалары арасында Кыргызстандын чемпионатынын катышуучулары болуп келишет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД