Тажатышты! Бизнесмен УКТ мүчөлөрү акча доолагандыгы үчүн даттанды

КР ИИМнин Кылмыштуулук боюнча милиция кызматкерлери Чүй облусунун ишкеринен "кылмышкерлерден калкалайбыз" деген шылтоо менен акча талап кылгандыгы үчүн шектелген жергиликтүү эки тургунду кармашты.

Алар 2018-жылы 10-майда Токмок ш. базарларынын биринде жайгашкан дүкөнгө келип, өздөрүн УКТ мүчөсү болобуз деп тааныштырып, күч колдонула тургандыгы менен коркутушуп, 2017-жылдын күз айынан азыркы убакка чейин акча каражаттарын талап кылып келишкендиги жөнүндө, КР ИИМ Кылмыштуулук боюнча милициясына Чүй облусундагы жеке ишкерлердин бири жазуу жүзүндө арыз менен кайрылган.

Бул факт боюнча Токмок ш. РИИ Тергөө иштери кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын ЖКнин 170 (Акча талап кылуу) беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Комплекстүү оперативдик-издөө иштеринин жүрүшүндө, КР ИИМ ТИК аныктоосу менен бул кылмышка шектүү катары эки жаранды кармашкан. Алар, 1987-жылы туулган, Чүй облусунун тургуну У.М. жана 1993-жылы туулган, Чүй облусунун тургуну, мурда да сот жообуна тартылган Б. М. экендиги аныкталды. Кармалгандардын экөө тең кылмыш тобунун активдүү мүчөлөрү катары ИИМ оперативдик каттосунда тураарын ИИМ пресс-кызматы билдирди.

Кармалгандар Бишкек ш. 1-СИЗОсунда жайгаштырылып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД