Кумтөрдүн колдоосу менен Жети-Өгүз районундагы таза суу менен камсыз болду

Таза суу менен камсыз кылуу долбоору "Кумтөр Голд Компани" (КГК) ЖАК, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү Фонду, жергиликтүү бийликтер жана айылдын тургундары тарабынан колдоого алынган. "Кумтөр" компаниясы бул долбоордун башкы демөөрчүсү катары, аны ишке ашыруу үчүн 5 млн 498 миң сомду бөлүп берген деп билдирилет компаниянын сайтында.

"Ысык-Көл Курулуш" подряддык компаниясынын долбоорунун чегинде сууну жер алдынан бургулоо жолу менен чыгаруу, жабдыктар менен камсыз кылуу, жана айылга чейин жол салуу, көпүрө куруу, объекттин айланасын тосуу, трансформаторду орнотуу иштери жүргүзүлүп, буш жумушту аткаруу 8 айлык мөөнөткө созулган. Жергиликтүү бийликтин кошкон салымы 200 миң сомду түздү. Мындан сырткары жергиликтүү жашоочулар да 350 миң сомдук колдоо көрсөтө алышты. Долбоордун ишке ашуусуна Ысык-Көл облусун өнүктүрүү Фонду да өз салымын кошуу менен 2 млн сом бөлүп берди.

Долбоор баардык үй-чарбаларын жана 700гө жакын айылдыктарды иче турган таза суу менен камсыз кылды. Компания мурда, 2017-жылы Барскоон айылындагы ушундай долбоорго колдоо көрсөтүп, 10 миң адамды таза суу менен камсыз кылган.

"Биздин айылда иче турган таза суу менен камсыз кылуу көйгөйү бар эле. Жергиликтүү бюджетте мындай ири иштерге каражат бөлүп берүү каралган эмес, бирок, "Кумтөрдүн" жана жергиликтүү тургундардын жардамы менен, акыры биздин кыялды ишке ашыруу мүмкүн болду. Биз иш жүргүзүү учурунда колдоо көрсөткөндүгү үчүн бул уюмга ыраазычылыгыбызды айтабыз", - деп билдирди айылдык кеңештин депутаты Турганбек Шерипов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД