Бабановдун цемент заводунун кызматчылары жумуштан качып жатышабы?

VB.KG окурманы, КР экс-премьер-министри жана президенттикке экс-талапкер Өмүрбек Бабанов "Пензадагы өзүнүн "Азия Цемент" заводунда жүрөт жана ага жакын жайгашкан Плеханов көчөсүндөгү 15-үйдө жашайт" деп жазылган материалга карата өз пикирин калтырган.

Ысымы белгисиз бирөө билдиргендей, "бул жерден баардыгы жумуштан бошоп кетишүүдө, анткени "жиниккенче" иштей берүү мүмкүн эмес. Эгер ал президент болуп калганында, силердин өлкөдө эмне болоорун көз алдыбызга келтирүүдөбүз, силерден эч нерсе калбай калмак экен", - деп айтылат.

Тилекке каршы, автор өзү жөнүндө маалыматтарды калтырбаптыр, "жиниккенче" иштөө деп эмнени түшүнсө болоору белгисиз.

Айта кетсек, Пенза ш. Плеханов көчөсүндөгү 15-үй дарегинде анча жакшы байкалбаган "Молодежный" концерттик залы жана бир нече чыгармачылык студиялары жайгашкан. Ал жерде Өмүрбек Токтогулович эмне иш кылмагы такыр түшүнүксүз. Анын жанында көп кабаттуу кадимки эле турак жайлуу үй бар. Ал жөнүндө түз эле айтсак, Бабановдун деңгээлине туура келбейт.

Андан анча алыс эмес жерде – Плеханов жана Бакунин көчөлөрүнүн кесилишиндеги 20 "Б" үйдө "Азия Цемент" заводунун башкы кеңсеси жайгашкан.

Өмүрбек Бабановдун үй бүлөсүнө тиешелүү болгон Бишкектин ортосундагы Аsia Mall соода борборунун фирмалык белгиси, заводдун энтамгасына окшош экендигине көз чаптырсак эле, бул "так ошол" завод экендигинде шек калбай тургандыгы айтпаса да түшүнүктүү.

Айтмакчы, белгилүү россиялык HR-ресурсунда, дароо эле "Азия Цемент" заводундагы 10 жумуш бош оруну көрсөтүлгөн. 1-июлдан баштап заводго төмөндөгүдөй адистер: финансы директору, жетектөөчү экономист, башкы конструктор, сатып алуу боюнча директор, өндүрүштү сарамжалдуулук менен башкаруу боюнча генералдык директордун орун басары, кепилдик боюнча инженер, бетон жасоо боюнча инженер-технолог, сатып алуу боюнча менеджер, логистика боюнча менеджер, 1С программисти - талап кылына тургандыгы жөнүндө жарыяланган.

VB.KG редакциясы топ-менеджерлердин бирине заводдо жүрүп жаткан абал жөнүндө сурап кайрылды эле, заводдун өкүлү же Өмүрбек Токтогуловичтин өзү бизге жооп берет деген ишеничтебиз.

Бабанов Мамлекеттик коопсуздук комитети тарабынан "бийликти басып алууга даярданган жана массалык тартипсиздикти уюштурган" деген шек артылгандыгын эске салабыз. Саясатчынын өзү мындай күнөө тагууну "жок жерден алынган" деп атоодо.

Акыркы убакта президент Сооронбай Жээнбеков Өмүрбек Бабановдун дарегине эч кандай билдирүү жасабай калгандыгын эске албай кетүү да жарабайт. Андан да, 3-июлда президент куттуктаган мектепти "алтын" менен бүтүргөндөрдүн арасында, Өмүрбек Токтогуловичтин да уулу болгон. Сооронбай Шарипович ал жигитти атасындай кучактап өпкөн.

Кийин Бабанов Facbookтагы өз баракчасында: "Менин уулумдун дарегине жылуу куттуктоо айткандыгы үчүн Президент Сооронбай Шариповичке чоң рахмат!" - деп жазган.

Ал эми ачык эмес сүйлөшүүлөрдө, Бабанов жакынкы убакта Кыргызстанга кайтып келет деген сценарий талкууланууда. Чынында эле ушундай боло турган болсо, мурда президенттикке экс-талапкер өзү билдиргендей, мындан ары ал өлкөнүн саясий турмушуна катышпайт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД