Депутат президенттин учагынын эскилигине капа болду ...

КСДП фракциясынын депутаты Абтандил Күлбараков президенттин учагын алмаштырууну сунуш кылды. Бул жөнүндө ал Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди.

Анын айтуусу боюнча, Сооронбай Жээнбековдун ушундай эскилиги жеткен учак менен учуп жүргөнү туура эмес.

-Мамлекет башчысы 1993-жылы чыгарылган ТУ-154 учагын колдонуп жүрөт. Атап айтканда, ал мындан 25 жыл мурда жасалыптыр. Аны менен иш сапарларына учуп барып жүргөнүн түшүнө алам, бирок, расмий жолугуулар учурунда мындай эски учакты колдонууга болбойт. Анын үстүнө, бул учурларда президентти өкмөт мүчөлөрү, депутаттар жана журналисттер коштоп жүрүшөт, - деди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД