"Жерүйдү" 180 млн долларлык күрөөгө берүүгө даярданышуудабы?

Тагдырдын тамашасын кара – эртең, 5-октябрда, Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Кыргыз Республикасынын геологиялык кызматынын 80 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйналыш өткөрүлмөкчү.

Кен иштетүү өнөр жайы - экономикада флагман катары эсептелген жана бүгүнкү күндө туруктуулуктун үмүтү болгон Кыргызстан үчүн бул дата чынында эле өтө маанилүү. Бирок, бул тармакта иш жакшы жүрбөй жаткандыгы да чындык.

"Жерүй" алтын кенин иштетүү боюнча лицензияга ээ болгон "Альянс Алтын" жоопкерчилиги чектелген коому россиялык ВТБ банкына 180 млн долларга "күрөөгө" берүүгө даярданып жаткандыгы VB.KG редакциясына белгилүү болду.

Ишеничтүү булактар кабарлагандай, кече күнү, 4-октябрда, комиссиянын отуруму өтүп, "Жерүйдүн" лицензиясын күрөөгө берүүгө каршылык билдирген чечим кабыл алынган. Бирок, ошол эле булактардын билдиргенине караганда, комиссия кече күнкү чечимин жокко чыгарып, кайрадан лицензияга макулдук берүүнү көздөшкөндөй. Себеби эмнеде? Комитетке жогорку кызматтагы аткаминерлер басым жасап атышканын айтышты.

Мыйзам жагынан мындай практикага уруксат берилгенби, биз ушул жагын текшерип чыгалы деп жатабыз. Бирок, мунун тобокелдикке салынып жаткандыгы азыртадан эле түшүнүктүү боло баштады. Эгер "Альянс Алтын" кенди банкка күрөөгө бере турган болуп, бирок, анын милдеттенмелерин аткарбаса, Кыргызстан алтын кенинен кол жууп калат. Бул жерде мамлекеттин кызыкчылыгы жөнүндө бир да сөз жок.

Кантип эле ушундай болуп калсын?

-Эгер алардын акчасы жок болсо, эмне үчүн "Альянс Алтынды" лицензиясынан ажыратышпайт? Биздин кенибиздин чет жерлик банкка күрөө катары берилип жатканынын өзү эле нонсенс эмеспи. Муну териштирүү керек, деги иш кандай жүрүп жатат, - деп билдирди парламенттин депутаты Исхак Масалиев.

Анын нааразылыгын дагы бир депутат, Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жетекчиси Кожобек Рыспаев колдоду.

-Комитеттин "Жерүйгө" баргандагы отурумунда, мен өзүм компаниянын өкүлдөрүнө – акча каражатыңар барбы? Силер ишиңерди баштайсыңарбы же ушинтип эле башыбызды айлантып жүрө бересиңерби? – деген суроону бергем. Алар, акча каражатын табуу боюнча маселе чечилди деп жооп беришкен. Булар жалпы-жонунан ушундай билдирүү жасашкан. Ал эми азыр, алардын биздин кенди күрөөгө бергени жатышканы белгилүү болуп отурат. Айтмакчы, мен мындай сөздөрдү мурда да уккам. Азыркы убакта бул процесс кандай жүрүп жатканын жана эмне маселеге байланышканын азырынча билбейм, бирок, мен бул маселени парламентте көтөрөм. "Альянс Алтындын" өкүлдөрү бул маселе боюнча эмнени айтышат бара көрөлү, - деген убадасын берди парламентчи.

Тилекке каршы, бул маселе боюнча Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитететинин түшүндүрмөсүн алууга мүмкүн болбоду. Ал эми "Альянс Алтын" мындайча жооп берди.

-Мындай сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бирок, чечим кабыл алына элек, - деп билдирди "Альянс Алтындын" пресс-өкүлү Данияр Жаныкулов.

VB.KG кабарчысынын, чечимди кабыл алуу ким тарабынан күтүлөт деген суроосуна мырза Жаныкулов - "инвесторлордон" деп жооп берди.

Эмдиги суроо өкмөткө багытталмакчы. Азыр "Жерүй" жана "Альянс Алтындын" акча каражаттары боюнча абал кандай? Эмне үчүн көп убакыттан бери лицензияга ээ болуп отурган компания ушул күнгө чейин кенди иштете албай, куру убадаларды берип келүүдө, анын лицензиязын алып, жоопкерчиликтүү жана акча каражаты жагынан байыраак инвесторлорго бербедиңер?

Эгер кайрадан Кыргызстан менчик алтынына ээ болуу укугунан ажырап калса, буга ким жооп бермекчи?

VB.KG редакциясы "Жерүйдөгү" абалга көз салып турууну уланта бермекчи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД