"Коопсуз шаар": Долбоордун кайрадан үзгүлтүккө учураганына ким жооп берет?

"Коопсуз шаар" долбоору боюнча биз кайрадан ошол эле тырмоону басып алуудабыз. Эгер азыр долбоорду үзгүлтүккө учураткан күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартпасак, бизге бир да инвестор келбей калат. Бул жөнүндө VB.KG редакциясына юрист Кайрат Осмоналиев билдирди.

Анын сөздөрү боюнча, адегенде эле алардын кандай жабдууларды көрсөтүүнү каалагандыгы шектенүүнү пайда кылган.

-Биз ХХI кылымда жашап жатабыз. Ал эми алардын бизге эмнени бере салууга ааракет кылып жаткандыгы – болбогон нерсе. Бул долбоордун Дубаиде, Лондондо, Кытайда кандай ишке ашырылгандыгын карап көрө турган болсок, ал жактарда компаниялар видеобайкоону гана эмес, адамдардын жүзүн дааналап көрсөтө ала турган технологияны алып келишкен. Мына ушундай кадам гана коомдук, анын ичинде жолдордогу тартипти да сактоодо ийгилик алып келмекчи. Биз болсо кайсы бир түшүнүксүз компаниядан ири өлчөмдөгү акчаны алууга аракет кылуудабыз. Ошондуктан, туура эмес болгондугуна карабастан, комиссиянын ушундай чечим алганына чын дилимден кубанып отурам. Азыр бизде татыктуу компанияны тандап алуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Мында мамлекеттин ролуна басым жасалмакчы. Коопсуздукту сактоо стратегиялык жактан маанилүү болгондуктан, биз тобокелдикке бара албайбыз, - деп түшүндүрдү Осмоналиев.

Жогорудагыдай абалдын кайталана беришинин дагы бир себеби, биздин аткаминерлердин башкаруудагы ой жүгүртүүсүнүн жетишсиздиги, деп эсептейт юрист.

-Мен бул маселени кароодо дайыма паракорчулук кызыкчылыгы жүрүп жаткандыгына ишенем. Муну жогоруда болуп жаткан иштер толук ырастай алат. Ошондуктан, башкаларга сабак алуусу үчүн мындай адамдарды кылмыш жоопкерчилигине сөзсүз түрдө тартуу зарыл. Анын үстүнө, биздин мамлекеттин аброюна катуу зыяны тийип жатат. Эгер мындай аракеттерге дароо эле жаза берилерин көрсөтсөк, биздин ишенимдүү өнөктөш боло ала тургандыгыбыз - аларга белги катары берилмекчи. Эми мурдагы жана азыркы "Коопсуз шаар" долбооруна катышы бар адамдарды, документтерге кол койгондорду, ИИМдеги жогорку кызматта отургандарды кошуп, кылмыш жазасына тартуу керек. Мына ошондо гана буга окшогон долбоорлордон пайда көрүүнү каалагандардын баары жоголот, - деген түшүндүрмөсүн берди юрист.

Соцтармактарда да азыркы өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевдин атын жамынып, кимдир-бирөөлөр өз кызыкчылыгы үчүн бул компаниянын тендерди жеңип чыгуусуна жана ишке ашыруусуна багыт берип тургандыгы жөнүндө маалымат пайда болду.

Эске салсак, кече күндөгү пресс-конференцияда тендердин катышуучуларынын бири "БИС" ЖЧКнын билдиргенине караганда, "Вега" концернинин кепилдик катында көрсөтүлгөн келишимдеринин далили жок болуп чыкты. Алардын кенди казууда керектелүүчү 9 млн долларды иштетүүдө тиешелүү тажрыйбасы жок экен.

Мамлекеттик сатып алуу департаментинин кече күнкү сайтында, "Маалыматтык системанын коопсуздугу" ЖЧКсынын "Кыргызтелеком" ААКна ведомстволор аралык комиссиясына арыздануусу жөнүндөгү расмий кабар пайда болду.

"Катышуучунун акыркы үч жылдагы ар бир лотунда 10 миллион доллары бар келишими болуусу керек. "Вега" жана "СпецПроект Монтаж" компаниялары тарабынан берилген келишимдерде, аткарылган иштер боюнча тажрыйбасын далилдеген документтер жок болуп чыкты", - деп жазылган департаменттин сайтында.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД