"Вечеркада" Бишкек шаарынын мэри Суракматов менен түз байланышуу өткөрүлөт

Жума күнү, 21-декабрда саат 14.00.дөн 16.00.гө чейин Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов VB.KG редакциясынын жана "Вечерний Бишкек" гезитинин окурмандарынын суроолоруна жооп берет.

Деги качан "Коопсуз шаар" долбоору ишке киргизилет? 2019-жылдын бюджети кандай болот? Шаардыктардын үйлөрүнүн алдындагы жер тилкелери кимге тиешелүү? Ушуга окшогон жана башка суроолорду сиз Азиз Суракматовдун жеке өзүнө берип жана токтоосуз түрдө жооп ала аласыз.

Түз байланыш телефон номери 38-65-37, Телеграмм WhatsApp номери +996 777 811 308.

Мындан тышкары, алдын ала 21-декабрга чейин, мэрдин дарегине сизди кызыктырган баардык суроолорду биздин кабарчыларга 68-01-52 жана 48-61-93 телефондору боюнча же maria.indina.vlasova@gmail.com электрондук почтасы аркылуу берсеңиздер болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД