Жеке клиникаларда органдарды трансплантация жасоого уруксат берилиши мүмкүн

Биздин өлкөдө медицинанын ушул тармагын мыкты өздөштүрө ала турган врач-трансплантологдор бар. Бул тармакты өздөштүрүү үстүндө ишти алып баруу керек. Бул маселе боюнча мыйзамды кабыл алуу менен адамдар дайынсыз жоголо баштайт деген жарабаган божомолдор да бар. Бирок, азыр адамдар ансыз деле дайынсыз жоголуп кетип жатышпайбы, биз анын себебин билбей калуудабыз. Албетте, мыйзамдар иштебей калат деген тобокелдик да бар, бирок, бул башка маселе. Эгер ушул логика менен бара берсек, анда баардыгына тыйуу салуу керек, - дейт парламенттин депутаты Евгения Строкова.

Парламенттин дагы бир депутаты Азамат Арапбаев коллегасын колдоп, Турцияда жана Түштүк Кореяда органдарды тарнсплантация жасоого уруксат берилгендигин жана ал жактарда медициналык туризм аябай өнүгүп жаткандыгын эске салды.

Сөз жүрүп жаткан мыйзамдын негизги жаңылыгы – мамлекеттик-жеке клиникалардын катышуусу менен органдарды алмаштыруу боюнча операцияларды жасоого уруксат берүү. Азыр мындай операциялар мамлекеттик ооруканаларда гана жасалат. Материалдык-техникалык базалардын эскиргендигине байланыштуу ата мекендик врачтар мындай операцияларды өтө аз жасашат жана оорулууларга чет өлкөлөргө барып ал жактагы адистерге кайрылуу кеңешин беришет.

Сөз жүргөн мыйзамга түзөтүү киргизүүлөр өткөн чакырыктагы депутат Игорь Гусаров тарабынан иштелип чыккан. Ал экинчи аракет менен үч жолку окуудан өтүп, депутаттардын макулдугун алган. Бирок, 2016-жылы ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев мыйзамга вето коюп жана өз сын пикири менен Жогорку Кеңешке кайтарып берген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД