Салык терминдеринин сөздүгү биринчи жолу басмадан чыгарылды

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик салык кызматы өлкөнүн тарыхында биринчи жолу Салык терминдеринин орусча-кыргызча/кыргызча-орусча сөздүгүн даярдап, басмадан чыгарды.

Сөздүк учурдун талабына жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү, Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары тил саясатын өркүндөтүү боюнча улуттук программасына жана "Кыргыз Республикасынын Мамлетекттик тил боюнча мыйзамына" ылайык даярдалып чыгарылды.

Сөздүктө салык кызматынын ишмердигине байланышкан 3000ге жакын сөздөр, жана алардын маанилери киргизилип, эки бөлүмдөн турат, биринчисинде – салык боюнча терминдер орус тилинен кыргызчага которулуп, ал эми экинчисинде – кыргыз тилинен орусча котормосу берилген.

Сөздүк кеңири чөйрөнүн адистерине, салык кызматкерлерине жана төлөөчүлөргө, ЖОЖ жана атайын окуу жайларындагы экономикалык факультеттеринин окутуучуларына жана студенттерине арналган. Анын тиражы 1000 экземплярды түзөт.

Сөздүк Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы Терминологиялык комиссиясы тарабынан бекитилген. Анын төрагасы С. Мусаевдин сөзү боюнча, бул Салык терминдеринин орусча-кыргызча/кыргызча-орусча сөздүгү – мамлекеттик органдарынын ичинен аткарылган биринчи иш болуп саналат, - деп МСКнын пресс-кызматы билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД