Баардыгыңыздарга ыраазычылыгымды билдирем!

Москвада туристтерди машинасы менен урдуруп алган кыргызстандык Чынгыз Анарбек уулу Смоленск облсотунун чечими менен 10 күндөн кийин эркиндикке чыгарылат. Бул жөнүндө VB.KG редакциясына Кыргыз Республикасынын ММА жана Панкратион боюнча Россиядагы өкүлү Улан Кошматов билдирди.

Анын айткандарына караганда, Чынгызды СИЗОДО кармоо эсебинин бир күнү эки күндүк эрксиз коомдук иштерди аткаруу шарты менен эсептелген.

-Биз Чынгыз менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө, мага бул жаңылыкты өзү айтып берди. Ал баардык кыргызстандыктарга жардам берип жана колдоо көрсөткөндүктөрү үчүн ыраазычылыгын билдирип, салам айтты! – деди Кошматов.

Эске салсак, мурда Москва шаарынын Тверлик соту Чынгыз Анарбек уулун 1,5 жылга соттоо менен эрксиз коомдук иштерди аткаруу чечимин чыгарган.

Былтыркы жылы 16-июнда такси айдоочусу рулду башкара албай, жол четинде турган туристтерди урдуруп алган. Рулда отурган Кыргызстандын жараны – Чынгыз Анарбек уулу болуп чыккан. Кийин билингендей, айдоочу 20 саат эс албай жүргүнчүлөрдү ташып машина айдагандыктан, бир нече секундга уктап кетип, капысынан жол четинде турган адамдарды урдуруп алган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД