"Коопсуз шаар" долбоору: Штрафты ким жана кандай шартта төлөйт?

Үстүбүздөгү жылдын 12-февралынан баштап Кыргызстанда "Коопсуз шаар" долбоору ишке ашырыла баштайт. Жол боюнда орнотулган камералар тартып алган эреже бузган айдоочуларга штраф төлөө жөнүндө билдирүү жөнөтүлөт.

Бишкекте фото жана видео тартып ала турган камералар 10 жол кесилишинде жана 17 шаарлар аралык жолдор чегинде орнотулган. Мындан тышкары Бишкекте жана Чүй облусунда 20 көчмө комплекстер иштейт.

-Техникалык көчмө комплекстер жол кесилиштеринде орнотулган камерларага окшош. Камерадан алынган маалыматтар автоматтуу түрдө ОЖЖКББ жиберилип, ал жерде административдик штраф маселеси чечилет. Ар бир көчмө комплекстин жанында оператор ("Веra" компаниясынын кызматкери) иштейт, бирок, ал жазылган видеону алып же оңдой албайт, - деп ишендирди "Веra" компаниясынын инженери Сергей Долгополов.

Анын айткандарына караганда, көчмө комплекстердин техникалык мүмкүнчүлүктөрү 5 тилкелүү жолдогу көрүнүштү тартып алууга шарт түзөт. Бирок, алар күндүзү ОЖЖКББ белгилеген жолдордо гана иштейт.

-Айдоочу штраф жөнүндө билдирүү жөнөтүлгөндөн кийин 30 күн ичинде төлөп берүүгө тийиш. Эгер төлөгөндөн баш тартса, негизги штрафтын өлчөмүнөн ашпаган суммада үстөк баа чектелет. Эрежени бузгандыгы жөнүндөгү материал үч жыл сакталат, анда кийин штраф мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу эсептен чыгарылып ташталат, - деп VB.KG редакциясына ИИМ мониторинг бөлүмүнүн бөлүм башчысы Нурбек Молдалиев билдирди.

Бирок, бул эреже бузгандар штраф төлөбөй жана мөөнөтү өткөнгө чейин күтүп жүрө беришет дегенди билдирбейт.

-Бизде айдоочуларга башка чара көрүү мүмкүнчүлүктөр бар. Мисалы, биз аларды издөөгө берип же автоунааларын штрафтык токтотмолорго киргизип салууга укугубуз бар, - дейт Молдогазиев.

Эске салсак, Кыргызстанда "Коопсуз шаар" долбоорунун биринчи этабы киргизиле баштады. Долбоорду ишке киргизүү конкурсун россиялык "Веra" концерни утуп алган.

Бишкек шаарындагы ЖЖЭ тартып алуучу камералар орнотулган жол кесилиштери:

-Жибек Жолу жана Жаш Гвардия проспекттеринин кесилиши;

-Чүй проспекти жана Ю. Фучик көчөсүнүн кесилиши:

-Чүй проспекти жана Бейшеналиев көчөсүнүн кесилиши;

-Жибек Жолу проспекти жана Ю. Фучик көчөсүнүн кесилиши;

-Чүй проспекти жана Жаш Гвардия бульварынын кесилиши;

-Бөкөнбаев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилиши;

-Жибек Жолу проспекти жана Абдрахманов көчөсүнүн кесилиши;

-Чүй проспекти жана Курманжан Датка көчөсүнүн кесилиши;

-Московская жана Абдырахманов көчөлөрүнүн кесилиши;

-Горький жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилиши.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД