Эки өлкөнүн президенттери Сочи шаарында жолугушту

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков кече жакында 9-февралда Сочи шаарындагы бир күндүк иш сапары учурунда, Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен жолугушту.

Бул жолугушууда эки мамлекеттин жетекчилери эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары Владимир Путиндин 2019-жылы март айынын аягында пландаштырылган мамлекеттик иш сапарынын деталдары да талкууланды.

Владимир Путин Сооронбай Жээнбековго чакырууну кабыл алып, Сочиге кыска иш сапары менен келгенине ыраазычылыгын билдирди.

"Биз март айынын аягында Кыргызстанда боло турган жолугушууга даярданбыз жана экономикалык кызматташтыкты жана ЕАЭСти бекемдөө маселелери боюнча диалогду улантабыз. Биз бажы маселесиндеги биздин көз карашыбызды коргоо маселесин да талкууладык. Россия Кыргызстанга керектүү колдоо көрсөтүү боюнча баарын жасады. Миграция саясаты Кыргызстанга канча маанилүү экендигин биз түшүнөбүз, - деп белгиледи Россиянын Президенти.

Ал баардык калган талкуулануучу маселелер бир жарым ай ичинде иштелип чыгаарын айтып, март айынын аягындагы Кыргызстандагы жолугушууда баардыгы толугу менен аягына чыгаарына ишене тургандыгын билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков да жолугушуу жана эки тараптуу кызматташтыкты талкуулоо мүмкүндүгү түзүлгөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди.

"Кыргызстан Сиздин биздин өлкөгө боло турган иш сапарыңызды чыдамсыздык менен күтүүдө. Биз үчүн бул өтө маанилүү саясий окуя болуп эсептелет. Биз Сизди Кыргызстанда күтүп алууга ар дайым кубанычтабыз, Сиз менен жолугушууларда эки тараптуу кызматташтыктын көптөгөн маселелери чечилүүдө. Биз эки тараптуу кызматташтыктын оң чечилишин колдоп бергендигиңиз үчүн ыраазыбыз. Биз көп жылдар бою бекемделип келе жаткан тарыхий достугубузду жогору баалайбыз", - деп сөзүн жыйнтыктады Соорнбай Жээнбеков.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД