Мызакматов мекенине кайтып келеби?

"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Искендер Гайыпкулов ММКда тараган Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматов экс-президент Алмазбек Атамбаев менен биригүүнү каалап, ушул максатта азыр БАЭде эс алып жүргөн экс-президент менен жолугушкан имиш деген маалыматты четке какты.

Эл депутатынын сөзүнө караганда, мындай маалыматты Мырзакматовдун каршылаштары таратышууда.

-Мелис Жоошбаевич аны менен (Атамбаев) эч качан жолугушууга барбайт, анткени эч качан анын идеологиясын колдогон эмес. Ал өзү саясий партиянын лидери болуп эсептелет жана өзүнүн саясий көз карашы бар. Менин пикирим менен баардык партиялаштарым макул болушат. Анын Атамбаев президент кезинде биригүү мүмкүндүгү бар болчу, анын үстүнө мындай сунуштар бир нече жолу келип түшкөн. Президент ага министрлик кызмат ордун сунуш кылган, бирок, Мырзакматов андан баш тартып, мэрлик кызматта калып, бийликти сындоосун уланта берген. Менин обмча, аны ушул себептен саясий куугунтукка алышкан, - деди Гайыпкулов.

Депутат Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматовдун Кыргызстанга качан кайтып келе тургандыгы жөнүндөгү суроого да жооп берди.

-Анын качан кайтып келээрин мен так айта албайм. Аны убакыт өзү көрсөтөт, бирок, азыр адвокаттар бул маселенин үстүндө иштеп жатышат. Мен анын бир күнү акталып, мекенине кайтып келип, ак ниети менен өз элине кызмат өтөп берет деген ишеничтемин, - деп кошумчалады ал.

Депутат Искендер Гайыпкулов Мелис Мырзакматов лидер болгон "Улуттар биримдиги" саясий партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү болуп эсептелет. Анын кызы 2009-жылы Мелис Мырзакматовдун уулуна турмушка чыккан. Азыр алар эки уул жана бир кыздуу болушту.

Эске салсак, Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматовго 2014 –жылы көпүрө куруу үчүн бөлүнүп берилген 27 млн сомду мыйзамсыз сарптагандыгы үчүн кылмыш иши козголгон. Ош шаардык соту аны 7 жылдык мөөнөткө эркинен ажыратуу жөнүндө чечимин чыгарган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД