Өрт чыккан үйдөгү балдарды кошуналары аман сактап калышты

11-февралда Бишкектеги "Келечек" жаңы конушунда турак үйдө өрт чыккан. Куткаруучулар окуя болгон жерге саат 14.09. барып, 14.40. өрттү өчүрүшкөн. Үй толугу менен өрттөнүп, анын күйгөн аянты 35 кв.м. түзгөн. Өрттүн эмне себептен чыкканы азырынча белгисиз.

Үйдүн ичинде Т.Н. 2015-жылы, Т.З. 2016-жылы жана Т.А. 2017-жылы төрөлгөн кичинекей балдар болгондугу такталды. Алар өрттүн истүү түтүнүнө ууланып калышкандыктан азыр ооруканага жаткырылды. Мындай кабар бүгүн эртең менен КР ӨКМ пресс-кызматы тарабынан берилди.

Бишкектин Свердлов районундагы граждандык коргонуу бөлүмүнүн башчысы Бахтияр Акматов VB.KG редакциясына билдиргендей, кичинекей балдардын ата-энеси аларды үйдө жалгыз калтырып кетишкен.

-Өрттөнүп жаткан үйдөн кичинекей балдарды кошуналар алып чыгышкан. Алар өрт чыгып жатканын кеч байкашкандыктан, балдар истүү түтүнгө ууланып калышкан. Бирок, эң башкысы алар үч кичинекей балдарды аман сактап калганында болуп жатат. "Тез жардамды" да кошуналар чакырып, бирок, ал келгиче кошуналар өздөрүнүн машинасы менен балдарды ооруканага жеткиришкен, - деп белгиледи Акматов.

Аман сакталып калган кичинекей балдар азыр шаардын № 3 ооруканасына жаткырылды. Акыркы маалыматтарга караганда, алардын акыбалы жакшырып, өздөрүн жакшы сезип калышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД