Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн кружоктор ачылат

Бишкек шаардык мэриясындагы Октябрь району боюнча муниципалдык администрациясынын башчысы Ренат Айтымбетов "Шайыр балалык" балдар чыгармачылык борборунун директору Нелли Амантаева жана "Көк Жар" жаңы конушунун билим берүү Борборунун өкүлү менен биргеликте, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн кружокторду (сүрөт тартуу, шахмат, шашки, бий ж.б.) уштуруу имаратын аныкташты.

Эми бул жерде 150 бала ар кандай кружокторго катыша алышат. Балдар жаш өзгөчөлүгүнө жана кызыгуусуна жараша класстарга бөлүштүрүлөт.

Эске салсак, Октябрь районунун "Шайыр балалык" балдар чыгармачылыгы борборунда 83 кружок иштейт, аларга 4 683 балдар жана өспүрүмдөр катышат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД