Жол эрежелерин бузган айдоочулар 4-мартка чейин штраф төлөшпөйт

"Коопсуз шаар" долбоорунун чегинде үстүбүздөгү жылдын 12-февралынан бери байкоо камералары аркылуу жол эрежелерин бузган айдоочуларга штраф жазылбайт. Бул жөнүндө бүгүн, 1 мартта маалымат жыйынында ЖККББ жетекчисинин орун басары Ыман Саркулов билдирди.

Маалыматка ылайык, бир айга жетпеген бул убакытты айдоочулар үчүн машыгуу кароосу болду деп айтса болот. Тийиштүү кызматкерлер да жабдуунун иштөө системасын текшерип чыгышты. Саркулов белгилеп өткөндөй, 4-марттан баштап жол эрежелерин бузгандар билдирүү катын алгандан кийин 15 күн ичинде штраф төлөп беришсе, төлөм 50% арзандай тургандыгы боюнча өзгөртүү күчүнө кирет.

-Жол эрежелерин 4-мартка чейин бузгандар үчүн мындай мүмкүндүк бербей, штраф төлөтүү адилеттүүлүкө жатпай калат. Баардыгы үчүн шарт бирдей түзүлүшү керек, - деп белгиледи Ыман Саркулов.

Анын берген маалыматы боюнча, бир айга жетпеген убакыт ичинде Бишкек шаарында жана Чүй облусунда байкоо жүргүзүү аппаратарынын жардамы менен 18 миң 600 жол эрежелерин бузуулар катталган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД