Кышкы Универсиада биздин спортчуларды кандай тосуп алды?

Үстүбүздөгү жылдын 2-мартында Красноярск шаарында (Россия) ХХIХ Бүткүл дүйнөлүк кышкы универсиаданын - 2019 салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Бул иш-чарага РФ президенти Владимир Путиндин жана Эл аралык университеттик спорт федерациясынын президенти Олег Матыциндин катышууусу менен өткөндүгү маанилүү болду.

Кыргызстан бул студенттик оюндарга курамына сегиз адам кирген делегацияны жөнөттү, анын ичинен бешөө спортчулар: Максим Гордеев (лыжа менен жарышуу), Евгений ТРофимов (лыжа менен жарышуу), Алексей Вакурин (сноуборд) жана Эльзар Абдыракманов, Алымбек Калыс уулу (спорттук багытты аныктоо). Машыктыруучулар – Тимур Губаев (сноуборд), Игорь Борисов (лыжа менен жарышуу) жана Кубаныч Эрмеков – делегациянын жетекчиси. Универсиаданын салтанаттуу ачылышына катышкан өлкөлөрдүн парадында Кыргызстандын желегин сноубордчу Алексей Вакурин алып өттү.

Жаштар, физкультура жана спорт Мамагенттигинин басма-сз кызматы билдиргендей, бул спорттук иш-сапарга катышуу үчүн 987 миң сом бөлүнүп берилген. Иш-чараны өткөрүүнүн уюштуруучлары биздин спортчулар үчүн жакшы шартты түзүп беришти. Биздин спортчулар жашаган кабатта күнөстүү Кыргызстандын улуттук өзгөчөлүктөрүн чагылдырган плакаттар илинип, өз үйүңдө жүргөндөй сезим калтырууда, - деп билдиришти делегация мүчөлөрү.

Кышкы Универсиаданын жабылыш аземи 2019-жылы 12-мартта өткөрүлөт.

Маалымат үчүн: Бул спорттук мелдешке 17 жаштан 25 жашка чейинки студенттер, бүтүрүүчүлөр, ушул жылы академиялык же бүтүрүүчүлөр дипломун алгандар катыша алышат. Спортчулар спорттун 11 түрү боюнча (биатлон, лыжа менен жарышуу, керлинг, сноуборд, спорттук багыт аныктоо, фигурное катание, фристайл, хоккей, топ менен ойноочу хоккей, шорт-трек) 76 медаль комплекти үчүн ат салышат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД