ИИМ отставкадагы офицери өз батирин менчиктештире албай жатат

"Вечерний Бишкек" редакциясы, менин кайрылуумду жарыялап коюуңарды Сиздерден суранам.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Шарипович Жээнбековго кайрылгым келет.

Мен ИИМ отставкадагы офицеримин, азыр пенсиядамын, жалпысынан алганда ички иштер органдарында 33 жыл кызмат кылдым. 1987-жылы милициянын кызматкери катары мага барак үйдөн кызматтык батир беришкен. Бирок, ал кезде бул батирди менчиктерштирип алганга мыйзам жол берген эмес, мен ага жетишпей да калдым, кийин тыйуу салып да коюшту, ошентип азыркы күнгө чейин бул батир менчиктештирилбей калды. Акыркы беш жыл ичинде биздин шаардын баардык инстанцияларына МТУ, МСУ, Мэрияга кайрылып көрдүм, бирок, ар дайым "мораториянын" алынышын күтүү керек деп жооп беришет. Былтыр 2018-жылы Мэриядан, мораторий убактылуу алынып, силердин документтер КУМИ (муниципалдык мүлктү башкаруу комитети) жиберилди дешти. Мен ал жакка да тийиштүү документтерди тапшырдым, үйгө керектүү документтердин ичинен ордер гана бар болгондуктан, менчиктештирүү боюнча комиссиянын түзүлүүсүн күтүү керек дешти. Тилкекке каршы, 2018-жылдын август айынан бери бул Комитет комиссия түзө албай келет. Жаңы мыйзам боюнча азыр мен балдарымды да үйгө каттата албайм, үч балам туугандарымдын үйүндө каттатылган. Мына ушул себептен ар бир жолу паспорт алмаштырууда көйгөйлөр чыгууда. Ушундай көйгөйгө туш келген мага окшогон кызматкерлердин саны өтө эле арбын, алардын арасында органдын кызматкерлери, медиктер, мугалимдер, курулушчулар бар, булардын баары өз өмүрлөрүн кызматтык милдетти аткарууга арнашкан. Эми мамлекетибиз биздин балдарды көчөдө калтырабы? Урматтуу Президент бизге жардам берип коюуңузду көптөн-көп өтүнөбүз.

Элдик жаңылыкты Пенсионер жиберген

Уматтуу "Элдик жаңылыктардын" авторлору! Эгер сиздер текшерүүнү же мамлекеттик органдардын катышуусун талап кылган кандайдыр-бир көйгөйлөр жөнүндө кабарласаңар, өзңөр жөнүндө жана ошол маселе боюнча так маалыматтарды жазып жиберүү зарыл. Бул маалыматтар жарыяланбайт, бирок, ошол түзүлгөн абал боюнча так териштирүү жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Мындай маалымат берилбеген учурда, ошол эле мамлекеттик структуралар эмнени "текшерип" жана кайсыны "жөнгө салуу" керектигин билбей калышат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД