"Мадина" базарынын жанында автоунааны токтотууга уруксат берилбесин

Шаарыбыздын Алма-Ата көчөсүндө жайгашкан "Мадина" базарынын алды жагындагы (түштүктөн түндүккө карай) жолдун четин айрым айдоочулар унаа токтотмосуна айлантып алышты.

Ушуга байланыштуу эки суроо туулат:

1. Бул жерде унаа токтотмо үчүн акы алышууда, бирок, токтотмо боюнча эч кандай белги коюлган эмес;

2. Жол боюндагы жашыл чөптөр (газон) тебеленип жаткандыгы нааразычылыкты туудурат. Мурда жашыл чөп өсүп жатса, азыр баткак жерге айланууда, эми кургагандан кийин машинанын дөңгөлөгү астында чаң чыга баштайт. Автоунаа таптаган жерде бактардын өсүшү кыйындап, алардын куурап калышына алып келет.

Шаардын бийлиги абанын булганышына каршы күрөшүү керектиги жөнүндө айтканы менен, жашылдандыруу жана көрктөндүрүүгө, алардын аянтын көбөйтүүгө жакшы көңүл бурбай жатат. Тиешелүү органдардан бул базардын жанындагы унаа токтотмосунун мыйзамдуулугун текшерип, бул жерде тартип орнотуп бергиле деп өтүнөбүз.

Элдик жаңылыкты Аня жиберген


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД