Студенттерди кышында аудиторияны жууганга мажбурлап жатышат

Саламатсыздарбы! Студенттер окуучу имараттын абалы өтө начар, бул маселе боюнча кайрылганыбызда бизди эч ким уккудай эмес.

Мүмкүн болсо бул кабарды жарыялап студенттерге жардам берип койгула деп суранабыз. Мындан сырткары студенттерди кыш мезгилинде аудиторияны жана анын полун жууганга мажбурлашууда, ушуну менен бирге чака, тряпка жана порошокту өзүбүздүн эсептен сатып алуудабыз.

И. Арабаев атындагы колледж. Чалдоварская көчөсү 91/а, 8-кичирайон, 6-корпус.

Элдик жаңылыкты студент жиберген


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД