11-класстын окуучусу муунуп каза болду

Үстүбүздөгү жылдын 8-мартында Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Мады айылында 11-класстын окуучусу муунуп каза болду. Анын сөөгү асынып турган абалда табылган. Бул тууралуу VB.KG редакциясына Ош облусунун ИИБдан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуучунун сөөгү үйүнүн короосундагы мал сарайдан табылган.

"Баланын ата-энеси Россияда иштешет, аны чоң атасы тарбиялап жаткан. Анын сөзүнө караганда, небересинин мүнөзү жоош, мектепте да жакшы окуган. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, бирок окуучу баланын жакындары денени экспертизага берүүдөн баш тартты", -деп билдиришти ОИИБдан.

Учурда милиция кызматкерлери окуучунун мындай кадамга барышынын себептерин аныктоо үстүндө иш жүргүзүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД