Айдоочулар эреже бузгандыгы боюнча билдирүүлөрдү ала башташты

Айдоочулар жол кыймылы эрежелерин бузгандыгы боюнча билдирүүлөрдү ала башташты. Бүгүнкү күнү 4,5 миңден ашык билдирүүлөр жазылып, алардын дээрлик баардыгы даярдалып, "Кыргыз почтасы" бөлүмдөрүнө жиберилди. Бул жөнүндө VB.KG редакциясына ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.

-Эгер айдоочу жазылган штрф боюнча макул эмес болсо, ал Мониторинг борборундагы жарандардын кайрылуусу боюнча иш алып баруучу бөлүмгө кайрылса болот. Бул жерде эреже бузулгандыгы боюнча 15-20 секунддук видеожазуулар сакталат. Айдоочу бөлүмдүн кызматкери менен бирге видеожазууну көргөндөн кийин, ага эреже бузуу кандай болгондугун түшүндүрүп беришет. Бирок, эгер эреже бузуу чынында эле жок болсо, Мониторинг борборунда кайрадан каралып, токтом жокко чыгарылат, - деп убада беришти ЖКККББ басма сөз кызматынан.

Жарандар менен иш алып баруучу бөлүм Бишкек шаарындагы Горький көчөсү – 20 дарегинде жайгашкан.

Белгилей кетсек, айдоочу эреже бузгандыгы боюнча билдирүүнү алгандан кийин 15 күн ичинде штрафты кечиктирбей төлөсө, анын 50 пайызы гана алынат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД