Баткендин облустук ооруканасында рентген аппараты иштебейт

Баткендин облустук ооруканасында бир нече жылдан бери рентген аппараты иштебейт. Бул жөнүндө VB.KG редакциясына окурмандар кабарлашты.

Саламаттык сактоо министрлигинде бул маалыматты ырасташып, ооруканага жаңы медициналык жабдыкты алуу максатка ылайыксыз деп билдиришти.

-Баткенде кургак учук ооруканасы 35 орунга ылайыкташтырылган, азыр 29 бейтап дарыланууда. Былтыр жыл ичинде ооруканада 150 бейтап дарыланган. Ал эми рентген аппаратынын иштөөсү болжол менен алганда күнүнө 100 сүрөт тартып алууга чектелген. Тактап айтканда, эгер жаңы жабдык орнотулса, ал көп убакыт бою колдонулбай тура бермекчи, - деп VB.KG редакциясына Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардам көрсөтүү башкармалыгынын башкы адиси Аэлита Ибраимова түшүндүрүп берди.

Ал кошумчалап өткөндөй, азыр кургак учук оорусун аныктоону медициналык-санитардык кызмат жүргүзөт. Мындан тышкары Баткенде кургак учукту аныктоочу эки аппарат – биринчиси Облустук үй бүлө борборунда – флюорография үчүн аппарат жана экинчиси - Баткен облустук биргелешкен ооруканасында – жаңы рентген аппараты орнотулган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД