Нуржигит Кадырбеков Маданият министринин орун басары болуп дайындалды

Нуржигит Кадырбеков Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Тиешелүү буйрукка өлкөнүн премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Министрлер кабинетинин башчысынын башка буйругу менен Айнура Султанбаева ээлеген кызматынан бошотулду.

Нуржигит Кадырбеков Ош мамлекеттик университетинин бүтүрүүчүсү. Буга чейин ал КР Тышкы иштер министрлигинде, КР президентинин аппаратында иштеп, "Ыйман" фондун жетектеп келген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД