Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн жана ММКнын билдирүүсү боюнча кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу.

14-март түнкү саат 22.00. 15-март эртең мененки саат 6.00. чейин чек арага жакын жайгашкан райондордо жергиликтүү тургундардын топтолушу катталган жок.

Маалыматка ылайык, 14-мартта "Дача" (КР) жергесинде эки тараптын делегацияларынын жолугушуусу болуп өттү. Бул жолугушууга Кыргыз Республикасы тараптан – Вице-премьер-министр, КР Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчиси, Баткен облусунун губернатору, КР ИИМ министринин орун басары жана күч органдарынын өкүлдөрү, Тажикстан Республикасы тараптан – Вице-преьер-министр, ТР УКК Чек ара аскерлеринин башчысы, ТР ИИМ министринин орун басары,Согди облусунун губернатору, Согди облусунун прокурору, республикалык жана облустук мамкаттоонун өкүлдөрү катышты.

Эки өлкөнүн делегацияларынын жолугушуусу бүгүн дагы улантылмакчы.

Исфрара – Ворух жана Баткен – Лейлек жолдору ачыла элек

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы, укук коргоо органдары жана жергиликтүү башкаруу кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте чек арага жакын жайгашкан райондордун калкы менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Ушундай эле иштер тажикстандык чек арачылар жана бийликтер тараыбанан Тажикстандын чек арага жакын жайгашкан райондорунун калкы менен жүргүзүлүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД