Президент: Дипломатиялык корпусту күчөтүү зарыл

Кече жакында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын элчилик кызматынын жетекчилери менен жыйын өткөрүп, дипломатиялык корпусту күчөтүү зарылдыгы боюнча бир канча көрсөтмө жана тапшырмаларды койду.

Мамлекет жетекчиси элчилер мамлекеттин жүзү, алар аркылуу дүйнө коомчулугу мамлекетибизди таанып билээрин белгилеп, алардын ишмердигине эскиче 3-4 жылда эмес, жылына баа берилип тураарын, кээ бир элчиликтердин кызматкерлери дипломаттык статусун пайдаланып, мыйзамсыз иштер менен алектенген фактылар болгондугун айтты. Катардагы кызматкер эмес, айрым элчилер өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткара алышпайт. Элчиликтин кызматкерлери чет өлкөдөгү биздин жарандарыбыздын укуктарын коргобой, айрым учурларда аларга орой мамиле жасаган учурлар кездешет. Алар чет өлкөдө жүрүп кыйын абалга туш келишсе, элчиликке кайрылгандан башка кимге барышмак эле? Ошондуктан элчиликтин эшиги күнү-түнү ачык болуп, ал эми анын кызматкерлери биздин жарандардын муктаждыгына ыкчам жардам берүүсү керек, – деп кошумчалады президент.

"Кайсы өлкө экенин атабасам да баарыңар билесиңер. Мурдагы бир элчи дипломаттын, мамлекеттик кызматкердин этикасын бузуп, дипломатияга адашып келген адис экендигин көрсөттү. Дипломатияда ага окшоп адашып келип калган адамдарга орун жок болушу керек", - деди президент.

Президент ошондой эле, Кыргызстандын кызыкчылыктарын татыктуу коргоп, мененкчилдигиңерди, өлкөнү өнүктүрүүгө ө салымыңарды мындан ары да кошооруңарга ишеним билдирерин айтты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД