Тажикстандын УКМКсы чек-ара жаңжалына кыргызстандыктарды күнөөлөшүүдө

Тажикстандын УКМКнын Башкы чек ара башкармалыгы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча өздөрүнүн расмий билдирүүсүн жарыялады.

"Үстүбүздөгү жылдын 13-мартында Кыргызстан тарап өкмөттөр аралык протоколду бузуп, Ворух анклавынын аймагында Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык унаа жолунун курулушун баштаган. Буга Ворух аймагындагы тургундар каршылык көрсөтүп чыгышканда, аларга жооп катары кыргыз тараптан ок атылган", - деп айтылат Башкы чек ара башкармалыгынын кабарында.

Тажикстандын чек ара Башкармалыгы билдиргендей, Кыргызстандын укук коргоо органдары Тажикстандын жарандарынын унааларынын каттамын токтотуп, Исфара – Ворух жолун тороп алышкан.

"Мындан тышкары кыргыз чек арчылары "Оксой" (Ак-Сай) чек ара отрядынын аймагында "Газель" үлгүсүндөгү 2 унаада бара жаткан тажикстандык 30 жаранды барымта катары кармап алышкан. Кыргызстандын 50-60 жараны Ворухтун тургундарына таш ыргытышкандыгынын кесепетинен, Тажикстандын 11 жараны ар кандай жаракаттарды алып, ооруканага жеткирилди", - деп айтылат маалыматта.

Тажикстандын чек арачыларынын билдиргенине караганда, Чоркух аймагынын Ходжа Ало кыштагынын аймагында Кыргызстандын жарандары тарабынан аңчылык куралы колдонулуп, анын кесепетинен Тажикстандын Чоркух аймагынын 1976-жылы туулган тургуну Хусейн Хаакимов жүрөк тушунан жаракат алып, ооруканада каза болгон.

"Ошондой эле милициянын аймактык улук лейтенанты Авеззода Саидшариф санынан, 1973-жылы туулган жаран Атамов Максаджон баш жагынан жана 1973-жылы туулган жаран Аюбов Рахим бутунан жаракат алган.

Муминабаддын Чоркух аймагында 1984-жылы туулган жашоочусу Сохибов Рахмониддин таш тийгенден жаракат алган. Мындан тышкары Кыргызстандын жарандары Тажикстандын Ходжа Ало айылынын жашоочусу Муллоджонов Абду мажиддин кампасын жана Чоркухтун Сомониён аймагындагы тегирменин өрттөп жиберишкен, - деп айтылат маалыматта.

Тажикстандын бийликтеринин пикирине караганда, бул жаңжал Кыргыз Республикасынын жараны, айылдык кеңештин төрагасы тарабынан уюштурулган. Так ушул аял ар дайым кыргыз-тажик мамилелеринин курчушуна түрткү берип келүүдө.

Учурда Ворух – Оксой чек арасында абал туруктуу жана кырдаал эки өлкөнүн чек арачыларынын көзөмөлүндө турат, - деп айталат маалыматта.

Өз кезегинде Баткен районунун акиминин орун басары Таалайбек Ибраимов VB.KG редакциясына билдиргендей, кыргыз-тажик чек арасында абал кече күндөн бери туруктуу абалга келди. Бирок, чек арага жакын жайгашкан айылдардын жашоочулары жолдорду ача элек.

-Бүгүн абал туруктуу, жаңжал кече күнү чыккан. Бирок түзүлгөн абал бат эле көзөмөлгө алынды. Анын үстүнө жергиликтүү бир жаран жаракат алып, ал азыр ооруканага жаткырылды. Ага каршы ким ок атканы белгисиз, азыр укук коргоо органдары териштирүүдө, - деди Ибраимов.

Ал толуктап айтканындай, аймактагы жолдор кече күндөн баштап тосулган. Бир канча кыргызстандыктар Ак-Сайдын жолун тосушса, ал эми тажикстандыктар Төрт-Көчө жергесиндеги автоунаа жолун тосуп алышкан.

-Мунун баардыгы Ак-Сай -Тамдык айлануу жолун куруудан башталды. Анын курулушу аяктагандан кийин, биз баардык жайлоолорго өз алдынча ээ боло баштайбыз. Тажикстандын жашоочулары буга нааразы болушууда, - деди Таалайбек Ибраимов.

Эске салсак, 13-мартта Кыргызстан менен Тажикстандын чек арага жакын жайгашкан аймагындагы жашоочулардын ортосунда жаңжал чыккан. Анын себеби катары Ак-Сай -Тамдык айланыш жолундагы курулуш иштеринин башталышы айтылууда. Баткен районунун акиминин орун басары Таалайбек Ибраимов ишендирип өткөндөй, жолдун курулушу талаш жер тилкесинде эмес, Кыргызстандын аймагында жүргүзүлүүдө.

Айта кетсек, азыр Жогорку Кеңештин депутаттары кыргыз-тажик чек арасындагы түзүлгөн абалды жабык түрдө талкуулашууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД